АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын электр станцияларына сокку урууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагына жазган.
Анын айтымында, бир нече күндөн бери иштеп жаткан келишимдин алкагында Ирандын электр станцияларына жана энергетика инфраструктурасына ар кандай аскердик соккуларды беш күнгө жылдырууга буйрук берген.
"АКШ менен Ирандын ортосундагы согуштук аракеттерди токтотууга жетишүү үчүн акыркы эки күндүн ичинде жакшы жана жемиштүү сүйлөшүүлөрү болгонун билдирем", - деп жазган Трамп.
Бирок ал жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр дагы деле Ирандан көз каранды экенин баса белгилеп кеткен.