Биз социалдык тармакта

Оштогу төрт эмге президент үч бөлмөлүү батир белек кылды

Президент Садыр Жапаров төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белек кылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, батирдин ачкычын президенттин атынан калаа башчысы Жанарбек Акаев тапшырган.
"Батир жаш наристелер үчүн ыңгайлуу шарттар менен толук камсыздалган. Керектүү балдар керебеттери жана коляскалар да тапшырылды. Бул колдоо мамлекет тарабынан үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу жана наристелердин келечегине кам көрүү максатында көрсөтүлдү", - деп жазылган анда.
Ошондой эле шаар мэри өлкө башчысынын атынан жаш үй-бүлөнү куттуктап, наристелерге бекем ден соолук жана узак өмүр каалады. Өз кезегинде төрт эмдин ата-энеси көрсөтүлгөн камкордук үчүн өлкө башчыга терең ыраазычылыгын билдиришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан