Биз социалдык тармакта

Ошто мектептердин жанындагы зыяндуу азыктарга каршы рейд башталды

Ош шаарында мектептердин айланасында жайгашкан соода объекттеринде зыяндуу тамак-аштарды сатууга тыюу салуу боюнча рейддер башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептерден 100 метр радиуста жайгашкан дүкөндөр текшерилип, Санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан зыяндуу деп табылган азыктар сатуудан алынып салынды.

Бул иш-чаралар окуучулардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө. Ошондой эле соода түйүндөрүнүн ээлерине талаптарды сактоо боюнча алдын ала эскертүүлөр берилгени белгиленди.

Иш-чаралар шаар бийлиги тарабынан көзөмөлгө алынып, мындан ары да улантылары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан