Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин алгачкы Жаштар Дельфий оюндары салтанаттуу түрдө старт алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-марттан 28-мартка чейин өтө турган бул ири маданий иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жаш таланттар катышууда.
Учурда борбор калаага келген эл аралык делегациялар каттоодон өтүп, шаар менен таанышуу экскурсияларына чыгып, сынактарга активдүү даярдык көрүшүүдө. Катышуучулар үчүн бул оюндар өз өнөрүн көрсөтүү менен катар башка өлкөлөрдөн келген теңтуштары менен тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаштар Дельфий оюндары достукту, чыгармачылыкты жана маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча болуп эсептелет. Программанын алкагында сегиз багыт боюнча сынактар өтөт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик өнөр, элдик аспаптарда ойноо жана колдонмо-декоративдик искусство.
Бул иш-чара жаш муундун чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы маданий алакаларды жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.