Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан маалымат алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурдагы абалды эске алуу менен, мамлекет башчысы Иран Ислам Республикасындагы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Бул чаралар элчиликтин кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон коркунучтарды минималдаштырууга багытталган.
Маалым болгондой, бул чечим аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кабыл алынды.