Биз социалдык тармакта

Алгачкы Жаштар Дельфий оюндары: Өзбекстандын делегациясы Бишкекке келди

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) алкагында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын делегациясы келип жетти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган делегация өз өлкөсүнүн маданий жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү максатында ар кыл багыттар боюнча катышат. Бул оюндар ШКУга мүчө мамлекеттердин жаштарынын ортосундагы достукту бекемдеп, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чара 23-марттан 28-мартка чейин уланып, катышуучулар төмөнкү сегиз номинация боюнча күч сынашат: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптар жана колдонмо-декоративдик искусство.

Бул иш-чара жаш таланттар үчүн эл аралык деңгээлде өз өнөрүн таанытууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан