Бишкек шаарында 25-мартта саат 19:00дөн тартып 26-март, саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки аралыгы убактылуу жабылат.
Бул убакыт аралыгында жөө адамдар үчүн жер үстүндөгү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
"Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңыздары алдын ала пландап алууну өтүнөбүз",- деп билдирди мэрия.