Биз социалдык тармакта

Бишкекте жарандарды Орусияга мыйзамсыз ишке жиберүү схемасы аныкталып, бөгөт коюлду

Кыргызстандыктарды Орусияга мыйзамсыз жумушка орноштуруу аракети токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Эмгек министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзамсыз ишке бөгөт коюшту. Бул иштер Бишкек шаарындагы Кадырбай-Ата көчөсү-1 дарегинде жүрүп жаткандыгы кабарланган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча агенттиктин кызматкерлерине Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 95-беренесине ылайык (Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк) административдик протокол түзүлдү.

Министрлик чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин уруксат документтеринин бар экендигин текшерүүгө чакырып, агенттиктин мыйзамдуу иш жүргүзүп жатканын https://migrant.kg сайтынан текшерсе боло тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан