Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбеков (Царикаев) Бишкек шаарынын четиндеги камыштарды жана айыл чарба жерлерин өрттөгөндөргө эскертүү берди.
Муниципалдык инспекция мындай жерлерди өрттөөгө тыюу салынганын жана ал экологияга олуттуу зыян келтирип, өрт коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратарын белгиледи. Видеодон Таалайбековдун эреже бузган жаранга эскертүү берүү үчүн суу каналдан секирип өтүп барганын көрүүгө болот.