
Кыргызстанда калктын болжол менен 26 пайызы жакырчылык чегинде жашайт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) тарабынан жарыяланган 2026-жылдын март айындагы отчётто айтылат.
Изилдөөгө ылайык, өлкө тургундарынын 41 пайыздан ашыгы толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүк таба албайт. Ошондой эле калктын 75 пайызы жашоо шартын сактап калуу үчүн терс ыкмаларды колдонууга аргасыз - мисалы, карыз алуу же саламаттык сактоого кеткен чыгымдарды кыскартуу.
Эң оор абал Баткен облусу аймагында байкалууда. Бул жерде жакырчылыктын деңгээли 40 пайыздан ашат.
Мындан тышкары, жетишсиз тамактануу маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калууда. Беш жашка чейинки балдардын 21 пайызында аз кандуулук (анемия) аныкталган.
Экономиканын өсүү темпи жогору болгонуна карабастан, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу алсыз бойдон калууда. Мунун негизги себептеринин катарына эмгек мигранттары жиберген акча каражаттарына көз карандылык, айыл чарбасынын өзүн-өзү камсыздоо деңгээлинин төмөндүгү, азык-түлүк жана күйүүчү май бааларынын өсүшү, ошондой эле климаттык коркунучтар кирет.