Эртең, 25-мартта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2... +7, күндүз +17... +22;
- Талас жергесинде түнкүсүн 0... +5, күндүз +15... +20;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5... +10, күндүз +19... +24;
- Нарын аймагында түнкүсүн -3... +2, күндүз +7 .. +12;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3... +2, күндүз +12... +17;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +4... +6, күндүз +20... +22 градус жылуу болот