Биз социалдык тармакта

Бишкекте ШКУнун Жаштар Дельфий оюндары ачылды

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин алгачкы Жаштар Дельфий оюндарынын салтанаттуу ачылышы өттү.

Иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев катышып, Кыргызстан бул оюндарга 2002-жылдан бери катышып келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2022-жылдан тарта оюндар Бишкекте өткөрүлө баштаган.

Быйылкы иш-чарага 700гө жакын катышуучу чогулду: анын 300ү эл аралык, ал эми 400ү Кыргызстандан. Мэр бул оюндардын өзгөчөлүгү катары инклюзивдүүлүккө басым жасалганын белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар да катышып жатканын айтты.

Программага сегиз номинация киргизилген: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык ырдоо, бий, диджейлик чеберчилик, элдик аспаптар жана колдонмо искусство.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан