Бишкекте Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кеңейтилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган маселе мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында "Дордой" базарынын аймагында өткөн көчмө жыйында каралды.
Жыйынга шаардык мэриянын Свердлов району боюнча муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти, №305 муниципалдык аймактык башкармалык жана райондук ички иштер башкармалыгы катышты.
Талкуу учурунда көчөнүн азыркы абалы, унаа кыймылынын өткөрүмдүүлүгү жана инфраструктураны жакшыртуу маселелери каралып, жыйынтыгында көчөнү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.
Маалым болгондой, оңдоо иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кожевенная көчөсүнүн Аул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Экинчи этапта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу пландалууда.