Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын нарда боюнча курамасы Өзбекстандагы эл аралык турнирге катышууда

Кыргызстандык спортчулар Өзбекстанда өтүп жаткан нарда боюнча эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Grand Prix Asia сериясындагы турнир 23-мартта Ташкент шаарында башталып, ага 50дөн ашуун өлкөдөн келген спортчулар катышууда. Кыргызстан бул мелдеште 12 оюнчу менен көрсөтүлүүдө.

Мелдештин алкагында узун нард боюнча негизги турнир, ошондой эле кыска нард, жуптук оюндар, аялдар арасындагы мелдештер жана мастер-кластар уюштурулат.

Жалпы байге фонду 500 миң доллардан ашат.

Беш турдун жыйынтыгында узун нард боюнча негизги турнирге катышкан 120 спортчунун ичинен 60 мыкты оюнчу кийинки этапка өттү. Алардын арасында Кыргызстандан 8 спортчу мелдешти улантууда, ал эми 4 оюнчу медалдар үчүн күрөштөн четтеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан