Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында жол катмарын талапка ылайык тегиздөө жана ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда атайын техникалар тартылып, жолдун негизги бөлүгү даярдалууда.
Ал эми Абдувалиев көчөсүнде инженердик-коммуникациялык тармактарды жаңылоо иштери жүрүүдө. Тактап айтканда, суу жана канализация түтүктөрү иретке келтирилип жатат. Андан кийин жол асфальт төшөөгө даярдалмакчы.
Белгиленгендей, шаар башчысы аталган көчөлөрдөгү иштер менен жеринен таанышып чыгып, тиешелүү кызматтарга курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырма берди.