Бүгүн, 24-март күнү Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр шаарда жашыл аймактар жетишсиз экенин белгилеп, мындан ары жашылдандыруу иштери системалуу түрдө жүргүзүлөрүн айтты. Ошондой эле ал бул аймакта мурда мыйзамсыз курулуш аракеттери токтотулуп, азыр мыйзам талаптарына ылайык жашыл зонага айландырылып жатканын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө аймакты комплекстүү жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, декоративдүү жана көлөкө берүүчү бак-дарактардын алты түрүнөн 1300гө жакын көчөт отургузулган. Бул кадам шаарды көрктөндүрүп, экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган.