Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев ЕККУнун башкы катчысы менен кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда төрага Кыргызстан ЕККУ менен калыптанган диалогду мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өзгөчө Парламенттик ассамблеянын алкагындагы байланыштарды бекемдөөгө көңүл буруларын айтты.

Ошондой эле ал Кыргызстандагы акыркы парламенттик шайлоолордо аялдар үчүн квоталар каралып, натыйжада Жогорку Кеңештеги айым депутаттардын саны көбөйгөнүн белгиледи. Анын айтымында, учурда парламентте 31 аял депутат бар жана бул гендердик теңчиликти камсыздоодо маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары шайлоо өнөктүгүнө 700дөн ашуун эл аралык байкоочу катышып, алардын арасында ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү да мониторинг жүргүзгөнү айтылды.

Өз кезегинде Феридун Синирлиоглу Кыргызстан менен ЕККУнун көп жылдык кызматташтыгын жогору баалап, өлкөдөгү оң өзгөрүүлөрдү белгиледи. Ал уюм коопсуздук, адам укуктары, экономика жана экология тармактарында кызматташууну улантарын кошумчалады.

Тараптар мындан ары да демократиялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу багытында биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан