Биз социалдык тармакта

Талас облусунда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 24-мартта Талас районунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы эки кабаттуу имарат Көк-Ой айылында, Манас көчөсүндө жайгашкан. Анын жалпы аянты 276 чарчы метрди түзүп, ичинде жыйындар залы, күтүү бөлмөсү, архив, кабылдама жана башка кызматтык жайлар каралган.

Белгилүү болгондой, имараттын курулушу 2025-жылдын август айында башталып, министрликтин ички каражаттарынын эсебинен бүткөрүлгөн. Буга чейин башкармалыктын кызматкерлери 1973-жылы турак жай катары салынган имаратта иштеп келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан