Социалдык тармактарда айдоочу транспорт каражатын 200 чакырым сааттан ашык ылдамдыкта башкарып бара жаткандыгы жана милиция кызматкерлерине карата адепсиз сөздөрдү колдонгон видеолор тарады.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада айдоочу аныкталып кармалды.
"Анын автоунаасы айып короо жайына киргизилип, өзү андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Айдоочуга карата укук бузуу боюнча протокол түзүлдү", - деп жазылган маалыматта.
Кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларын эрежелерди так сактоого жана милиция кызматкерлерине урмат менен мамиле кылууга чакырды.