Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Эсенаманова жана Улукбек Узакбаев Жайыл, Панфилов райондоруна жана Кара-Балта шаарына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар жолдордун начар абалын, спирт заводдон чыккан саркынды суулардын жана таштанды полигондорунун экологиялык көйгөйлөрүн жеринен көрүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, суу, жол, саламаттык сактоо жана социалдык маселелер талкууланды.
Депутаттар көтөрүлгөн көйгөйлөрдү тиешелүү органдар менен бирге чечүүгө аракет кыларын билдиришти.