Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме иштеп, анда 2 миңден ашуун адам жашайт. Алардын арасында улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, ошондой эле психоневрологиялык оорулары бар балдар жана чоңдор бар.
Министрликтин маалыматына ылайык, айрым жарандардын өздүгүн тастыктаган документтери жок. Мунун негизги себептери - айрымдарынын мурдагы союздук республикаларда төрөлүшү, башка өлкөлөрдөн керектүү маалымкаттардын кечигиши же такыр келбеши, ошондой эле туруктуу жашаган жери болбогон адамдардын документтери тууралуу маалымат бере албаганы.
"Ошого карабастан, документтерди калыбына келтирүү иштери туруктуу жүргүзүлүп жатат. Министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте документтештирүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизмин иштеп чыгуу демилгесин көтөргөн. 2025-жылы 157 кызмат алуучунун документи жок болсо, учурда алардын бир бөлүгү тиешелүү документтерин алышкан. Азыр 108 адамды документтештирүү иштери уланууда",- деп белгиленген маалыматта.
Медициналык камсыздоо боюнча да маалымат берилди.
"Социалдык стационардык мекемелер дарылоо жайы болуп эсептелбейт. Анда минималдуу медициналык жардам көрсөтүлүп, негизги кызматтар поликлиника жана ооруканаларда берилет. Зарыл учурда жарандар адистешкен медициналык мекемелерге жөнөтүлөт. Министрлик мындан ары да кызмат алуучулардын жашоо шартын жакшыртуу жана каржылоону көбөйтүү боюнча иштерди улантат",- деп кошумчаланды маалыматта.