Биз социалдык тармакта

Түндүк айланма жолунда курулуш иштери кандай жүрүүдө? 

Түндүк айланма унаа жолун масштабдуу реконструкциялоо долбоорунун алкагында эки стратегиялык багыт боюнча курулуш иштери активдүү фазада уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, долбоордун негизги максаты – жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тилкелердин санын 6га чейин көбөйтүү. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт.
"Бүгүнкү күндө иштер Алматы-Бишкек-Ташкент жана Бишкек-Нарын-Торугарт тилкелеринде жүргүзүлүүдө. Нооруз дарыясындагы көпүрөдө өтмөк плиталарын монтаждоо аяктады. Каналдагы көпүрөдө бекемдөөчү устундарды орнотуу иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Ошондой эле, жолдун негизин түзүүгө даярдыктар көрүүлүүдө. Учурда жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюу, аймакты тазалоо жана жараксыз материалдарды сыртка ташуу иштери жүрүүдө. Реконструкция учурунда айдоочуларга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн негизги жолдогу чуңкурларды жамоо жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери катар жүргүзүлүүдө. Реконструкциялоо иштери бекитилген графикке ылайык так жүрүп жатат",- деп белгиленди маалыматта.
Курулуш аянтында иштин ыргагын камсыз кылуу үчүн 537 жумушчу жана 243 атайын техника тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан