Биз социалдык тармакта

Унаалар катар тизилип... Нарындыктар “Намыс” командасын салтанаттуу тосуп алышты (видео)

Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча турнирде чемпион аталган “Намыс” командасын Нарын эли өзгөчө шаң менен тосуп алды.

Жеңүүчүлөрдү Нарын шаарынын кире беришинен мамлекеттик кызматтын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар тосуп чыгып, улуттук салтка ылайык нан-боорсоктон ооз тийгизишти.

Андан соң мамлекеттик туу желбирете тизилген унаалардын коштоосунда команда шаарга кирип барды. Салтанат учурунда чемпиондорго белектер тапшырылып, алардын жетишкен ийгилиги жогору бааланды.

Эскерте кетсек, "намысчылар" финалда "Ынтымак" командасы менен ойноп, негизги оюнда 3:3 болуп тең чыкты жана кошумча убакыт берилгенде 4:3 эсебинде жеңип алды. Таймаштарда 3-орунду "Шахтёр" командасы алды. Команда "Алтын-Альянс" тобун 3:2 эсебинду утуп алды.

Мелдештин алкагында "Достук" жана "Мурас" командаларынын оюнчулары ортосунда чыккан чырдан улам эки команда тең оюндан четтетилди.

Нарын эли "Намыс" командасынын көк бөрүчүлөрүн кандай тосуп алды?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан