Бишкек мэриясы кабарлагандай, калаада бүгүн, 25-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат.
Эми муниципалдык кызматтар кийинки жылытуу сезонуна даярдык иштерин башташат. Анын ичинде оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлөт.
Эске салсак, борбор калаага жылуулук 2025-жылдын 3-ноябрынан тарта бериле баштаган.