Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Эмгекчил айылындагы мал чарбаларды кыдырып, эпизоотиялык абал менен таанышты.
Министрлик билдиргендей, жергиликтүү тургундар бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Министр оорулуу малды өзүнчө бөлүп кармоо жана оорунун жайылышына жол бербөө боюнча катуу эскертүү берди.
Ошондой эле жергиликтүү ветеринария кызматтарына калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, көйгөйлөрдү жеринде ыкчам чечүү жана тиешелүү чараларды көрүү боюнча конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.