Нарын облусунун аймагында 24-мартта саат 23:48де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөө Өзгөрүш айылынан 8 чакырым, Талды-Суу айылынан 10 чакырым, Нарын шаарынан 42 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Ал эми жер силкинүү Өзгөрүш жана Талды-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.