Синоптиктер кабарлагандай, эртең, 26-мартта өлкө аймактарында күн ачык болот. Абанын табы айрым жерлерде 25 градуска чейин жылыйт.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3... +8, күндүз +19... +24;
- Талас жергесинде түнкүсүн +1... +6, күндүз +17... +24;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +20... +25;
- Нарын аймагында түнкүсүн -2... +3, күндүз +9 .. +14;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3... +2, күндүз +10... +15;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +6... +8, күндүз +22... +24 градус жылуу болот.