Ош шаарынын Краснофлотский көчөсүндө жайгашкан муниципалдык ипотекалык компания тарабынан курулган үйлөргө өткөн жылы турак жайы сүрдүрүлгөн 66 үй-бүлө көчүрүлгөн. Бирок учурда шаар бийлиги батирлердин 1 чарчы метрин 950 доллардан баалап, мурдагы үйлөрүнүн наркы менен чыккан айырманы ипотека аркылуу төлөп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу "Интербилим" уюмуна тургундар билдиришти.
Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар мындай талап күтүүсүз болуп, көчүрүлөрдө шарттар так айтылбаганын белгилешүүдө.
Ал эми уюм бул аракеттерди мыйзамсыз деп баалап, эгерде турак жай компенсация иретинде берилсе, анда кошумча төлөмдөр тууралуу шарттар келишимде алдын ала көрсөтүлүшү керек болчу деп билдиришүүдө.
"Бир жылдан кийин үйлөр бузулуп, эми кошумча төлөм талап кылуу мыйзамга да, логикага да туура келбейт. Буюмдарыбызды сатып, айласыздан келгенбиз",- деди тургундардын бири.
Ал эми дагы бири мэрияга бошотуп берген жери кошунасынын атына өтүп кеткенин белгиледи.
Учурда жашоочулар тиешелүү органдардан так чечим күтүшүүдө.