Биз социалдык тармакта

Мал экспортуна болгон тыюу. Министр өлкөдө эт коңшулардан арзан экенин айтты

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков УТРКнын “Диалог” берүүсүндө өлкөдө эттин баасы коңшу мамлекеттерге караганда арзан экенин айтты.

Анын айтымына караганда, өлкөдө уйтун эти 700 сомдун тегерегинде болсо, коңшуларда 1000 сомдон жогору. Министр малды экспорттоого салынган тыюу боюнча түшүндүрмө берип, малдын баасы арзан болуп жатканын белгиледи.

"Экспортко болгон чектөө менен биз өлкөдөгү мал баккандарга чектөө кылган жокпуз. Алар өздөрү атайын экспорт кылууга кызыкдар эмес. Бул оюнчулар үчүн. Себеби, өзбекстандык оюнчулар биздин өлкөгө кирип, мал алып кетип жатышат. 4 ай ичинде 53 миң баш мал сыртка чыгып кеткен. Андан биздин ишкерлер пайда көргөн жок",- деди Эрлист Акунбеков.

Мал экспортуна болгон тыюу. Министр өлкөдө эт коңшулардан арзан экенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан