Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков УТРКнын “Диалог” берүүсүндө малдын вакцинасын чыгарган завод салуу пландалып жатканын айтты.
Анын айтымында, сырттан кирген вакциналардын натыйжалуулугу төмөн болот. Себеби, өлкөдө ооруп жаткан малдын дартына ылайыктуу вакцинаны өлкөдөн алынган проба менен чыгарган натыйжалуу болот.
"Вакцина Кыргызстанда башка, Италаияда башкача таасир этет. Себеби, оорунун штаммдары бөлөк да. Штаммдар вирус мутация болгон сайын өзгөрө берет. Ошондуктан Кыргызстанда вакцина чыгара турган чоң завод салуу боюнча долбоор кабыл алдык",- деди Акунбеков.