Кытайда пара алган чиновник өлүм жазасына тартылды

Кытайдын Синьюй шаарынын элдик соту 23-январь күнү Элдик биримдиктин өкүлдөрүнүн мурдагы төрагасы Чжоу Цзяаньхуаны пара алганы үчүн өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарды. 2 жылдын ичинде күчүнө кирген өкүмдө саясий укуктарынан жана жеке мүлкүнөн ажыратуу каралган. 

Азыркы тапта аталган соттук иш элдик соттун жогорку деңгээлиндеги отурумунда каралат. Тергөөнүн жүрүшүндө Чжоу Цзяаньхуа кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып,  99 жолу пара алганы аныкталган. 

Жалпысынан  10 233 миллион юань (1 миллион 699 миң доллар), 150 миң сянган доллары, 50 граммдык 3 алтын жана 236 миң юань (39 миң доллар) суммага барабар болгон баалуу буюмдарды алганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bekzat.4496
2014-01-24 11:28:51
Бизде да ушундай закон болсо жакшы болмок
+2
acer11
2014-01-30 15:12:35
bekzat.4496, Анда биздин бийлик туп тамыры менен атылмак. Кыргыздар ансыз деле азбыз кичине кобоёлу, копчулугу атылып кетет.
0
omurbek1990
2014-01-24 11:37:25
Эгер андай закон кирсе коп чиновниктердин башы кетет болуш керек. Бирок бизде олум жазаасы мындай турсун, камап койсо канча митинг кылып жиберебиз.
+2
bokochooo
2014-01-24 12:12:17
олум жазасы Болгондо Азыр Акаев менен Бакиев Дагыда эле иштеп журмок болуш керек Кыргызстанда ким кынк этсе ошону олтуруп коюп.)) Журналист жолдон бироону кармап пикет митинг дегенге кандай карайсыз десе журналистен айланып качышып ))
0
uran001
2014-01-24 14:41:51
99 жолубу?Олумдон коркпогон адам экенда.
0
hakker
2014-01-25 16:37:52
Бизде ушундай мыйзам болгондо биринчи Акаев камалмак.Ал камалгандан кийин эч ким мамлекеттин акчасын жебей калмак.Ошондо мамлекет онукмок.Мамлекеттик кызматта иштегендердин кедейин корбойсун баары байып алышкан.Айлыгы менен ошол даражага жетмек беле.Андай мыйзам болсо азыркы чиновниктер баары олум жазасына кетмек.
0
baxa-kaman
2014-01-30 15:08:14
Бизге ушундай мыйзам киргизилсе, биздин чиновниктер эле эмес, ар бир учунчу Кыргызстандык олум жазасына тартылса керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан