Биз социалдык тармакта

Орто-Токой ГЭСи быйыл ишке берилет

Орто-Токой ГЭСинин курулушу акыркы этапка жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, бул этапта жогорку чыңалуудагы аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу жайларына курулуш материалдарын жана атайын техникаларды жеткирүү үчүн кирүүчү жолдорду уюштуруу иштери аткарылат.
"Мындан тышкары, суу агып чыгуучу каналдын оң жээгин габион конструкциялары менен бекемдөө иштери аткарылууда. Техникалык суу менен камсыздоо системинин түтүктөрүн, ошондой эле сууну тазалоо жана чыпкалоо жабдууларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Орто-Токой ГЭСи быйылкы жылы ишке берилип, электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан