Биз социалдык тармакта

Белгилүү түркиялык актриса Ханде Эрчел баңгизат таратууга айыпталууда

Түрк сериалдарындагы эң популярдуу актрисалардын бири Ханде Эрчел баңгизат таратууга айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, учурда
Түркияда баңгизатка каршы операциянын алкагында атактууларды массалык түрдө кармоо уланууда. Алардын арасында Бешикташ футбол клубунун президенти Фикрет Орман да бар.

Ал эми жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, тергөө органдары бул иш боюнча иликтөөнү улантышууда. Тергөөнүн алкагында Стамбул шаардык прокуратурасы атактуу 16 адамды камакка алуу үчүн ордер чыгарган.

Кармалгандарга баңгизаттарды өндүрүү жана таратуу сыяктуу айыптар коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан