Биз социалдык тармакта

Стамбулда кыргыз кинолору көрсөтүлүүдө

Кечээ, 24-мартта Стамбул шаарындагы “Атлас” кинотеатрында кыргыз кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Стамбулдагы консулдугу билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага өлкөнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков, Кинематография департаментинин директорунун орун басары Нуралы Байтереков, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгынын директорунун орун басары Мухаммет Фарук Байрам, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат, ошондой эле кыргызстандык жана түркиялык кино ишмерлер, чакырылган меймандар жана мекендештер катышкан.

Алгачкы күнү Стамбул шаарынын көрүүчүлөрүнө режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кара Кызыл Сары” көркөм тасмасы көрсөтүлгөн. Бүгүн кино күндөрүнүн алкагында Дастан Жапар уулунун “Качкын” тасмасы көрсөтүлөт. Ал эми эртең режиссёр Руслан Акундун “Бейиш 2” тасмасы менен кыргыз кино күндөрү жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан