Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Нарын облусуна караштуу Дайракулов айыл өкмөтүнүн Казан-Куйган айылында ачылышы пландалып жаткан социалдык дүкөндүн долбоору менен таанышты.
Аталган социалдык дүкөн айыл чарба продукцияларын түздөн-түз дыйкандардан кабыл алып, калкка жеткирүүнү максат кылат. Бул аркылуу ортомчуларды азайтуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
"Долбоор президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан сунушталып, аймактагы социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарды жана социалдык мекемелерди жеткиликтүү баада азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталган",- деп билдирди мекеме.