Биз социалдык тармакта

Кыргыз журналисттери Тажикстандын медиа мекемелери менен таанышты

Кыргызстандык журналисттер пресс-турдун алкагында Тажикстандын бир катар медиа мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Медиа өкүлдөрү алгач Тажикстандын телевидение жана радио боюнча комитетине барышты. Аталган мекеменин башчысынын орун басары Ализода Сухроб конокторго комитеттин ишмердүүлүгүн, монтаж бөлмөлөрүн жана үн жаздыруу студияларын тааныштырды.

Андан соң журналисттер “Душанбе” мамлекеттик телеканалынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Мында журналисттер мекеменин жаңы курулган имараты заманбап техникалык жабдуулары, студиялары менен кеңири таанышты.

Ошондой эле “Сафина” мамлекеттик маданият телеканалына да барышты. Мында медиа тармагына берилген мүмкүнчүлүктөр жана кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат алышты.

Мындай тажрыйба алмашуу эки өлкөнүн медиа тармагындагы кызматташуусун мындан ары да бекемдөөгө шарт түзөт.

Кыргыз журналисттери Тажикстандын медиа мекемелери менен таанышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан