Бүгүн "Өнөр жай аймактары жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул демилге өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун негизги максаттарынын бири – ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу болуп саналат. Ошондой эле заманбап, жогорку технологиялуу жана экологиялык жактан коопсуз өндүрүштөрдү киргизүү каралууда.
Мындан тышкары долбоор өнөр жай, коммуналдык жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бош турган же толук пайдаланылбаган өндүрүш объектилерин жана жер тилкелерин натыйжалуу колдонуу дагы негизги багыттардын катарына кирет.
Ошондой эле айлана-чөйрөгө болгон терс таасирди азайтуу максатында өндүрүштөрдү бир аймакка топтоо сунушталууда. Бул экологиялык көзөмөлдү жакшыртып, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга шарт түзөт.
Долбоордун алкагында жаңы, туруктуу жумуш орундарын түзүү пландалууда. Айрыкча Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жумуш орундарын камсыз кылуу артыкчылыктуу багыт катары белгиленген.
Мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлер коомчулуктан кабыл алынып, талкуунун жыйынтыгында документке өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.