Ош шаарында Р. Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан датка көчөсү менен И. Закиров көчөсү ортосундагы бөлүгү толугу менен тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта жайгашкан тоскоолдук жараткан курулуштар жана турак жайлар толугу менен бузулуп, жол кеңейтүүгө даярдалды. Тазалоо иштери Ош шаарындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн.
Аткарылган иштердин алкагында эми бул тилкеде унаалар үчүн түз чыгып кетүүчү жаңы жолдун курулушу башталары күтүлүүдө.
Шаар бийлиги бул өзгөрүүлөр жол тыгындарын азайтып, транспорттук кыймылды жеңилдетүүгө шарт түзөрүн белгиледи.