Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен жолугушуп, маданият тармагындагы бир катар маселелерди талкуулады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор тааныштырылды. Шаар башчысы долбоорду ишке ашырууда ыкчам жана чечкиндүү кадамдар зарылдыгын белгиледи.
Мэр Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курууну сунуштап, бул шаар тургундары жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзөрүн айтты.
Долбоорго ылайык, Сулайман-Тоонун жолдору, тепкичтери, дарбазалары жана музейлердин ички-тышкы бөлүктөрү толугу менен реконструкцияланат. Жалпы 12 бөлүктөн турган долбоор 3 этап менен ишке ашырылып, каржылоону Дүйнөлүк банк камсыздайт.
Ошондой эле жыйында Ак медресе имаратын калыбына келтирүү жана көрүстөндөрдү иретке келтирүү маселелери да каралды.