Тажикстандын аймагында жайгашкан Гиссар чеби бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы эң маанилүү тарыхый жайлардын бири катары туристтердин кызыгуусун арттырууда.
Адистердин айтымында, чептин тарыхы миңдеген жылдарга барып такалат. Ал илгери коргонуу максатында курулуп, ар түрдүү доорлордо башкаруучулардын резиденциясы катары кызмат кылган.
Акыркы жылдары бул тарыхый объектте калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, инфраструктура жакшыртылган. Натыйжада чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтердин агымы көбөйгөнү белгиленүүдө.
Гиссар чеби бүгүнкү күндө тарыхый мурастын маанилүү бөлүгү болуп, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошуп келет.
Кыргызстандык журналисттердин Тажикстандагы иш-сапарынын экинчи күнүндө тарыхый жана маданий байлыгы менен белгилүү Гиссар шаарына барышты.