Биз социалдык тармакта

Сокулукта эл менен жолугушууда маанилүү маселелер көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев, депутаттар Эдита Тайгараева жана Абдылдабек Эгембердиев Чүй облусунун Сокулук району караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында аймактагы инфраструктураны жакшыртуу жана социалдык маселелерди чечүү боюнча ачык диалог болду. Айрыкча, Гавриловка айылындагы Маданият үйүнүн тагдыры талкуунун борборунда турду. Көп жылдар бою жеке менчикте болуп келген объект жакында мамлекеттин карамагына кайтарылып, учурда капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экени айтылды.

Ошондой эле Романовка айылы жана Шалта айылынын тургундары бир катар маанилүү маселелерди көтөрүштү. Алардын катарында жаңы мектеп жана бала бакчаларды куруу, таза суу менен камсыздоо, ички жолдорду оңдоо, заманбап аялдамаларды куруу жана жол коопсуздугу үчүн жол чырактарды орнотуу сыяктуу көйгөйлөр бар.

Эл өкүлдөрү көтөрүлгөн бардык сунуштар жана кайрылуулар каттоого алынганын белгилеп, аларды чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлөрүн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан