Бишкек шаарында жол инфратүзүмүн жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-марттан 31-мартка чейин Дэн Сяопин проспекти менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабында унаа кыймылы убактылуу жабылат.
Бул аралыкта эски асфальт катмары атайын техниканын жардамы менен кырылып, анын ордуна жаңы асфальттын биринчи катмары төшөлөт. Ошондой эле кудуктар жана жамгыр суу кабыл алуучу торлор оңдолуп, жолдун деңгээлине ылайык тегизделет.
Аталган иштер жол жабуусунун сапатын жогорулатууга, транспорт кыймылын ыңгайлуу кылууга жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган. Оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө аякташы күтүлүүдө.
Шаар бийлиги айдоочуларды жана тургундарды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.