Биз социалдык тармакта

Бишкекте билим берүү уюмдарында жашылдандыруу акциясы өттү

Бишкек шаарында бүгүн, 25-март күнү билим берүү уюмдарында жашылдандыруу акциясы уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара №108 жалпы билим берүү орто мектебинин базасында, ошондой эле №59 жана №7 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окуучулар менен ата-энелердин активдүү катышуусунда өттү.

Акциянын алкагында аймактарды көрктөндүрүү жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп, жалпысынан 60 түп кайың жана 300 даана тосмо көчөттөрү отургузулду.

Бул сыяктуу иш-чаралар жаш муунду айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга тарбиялап, шаарды жашылдандырууга чоң салым кошот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан