Бишкекте мыйзамсыз газ саткан жайлар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, унааларды жана тиричилик газ баллондорун мыйзамсыз толтурган 5 түйүндүн ээлерине айып пул салынган. Ошондой эле 1 газ сатуучу жай толугу менен жабылган.
Министрлик калктуу конуштарда көчмө газ куюу станцияларын жайгаштырууга катуу тыюу салынарын эскертти.