Пианиночу Азамат Сыдыков Нью-Йорк шаарында жеке концертин берет

Кыргызстандык пианиночу Азамат Сыдыков 16-майда Нью-Йорктогу “Карнеги-холл” концерттик залында жеке концертин өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу ал чет элдик маалымат булактарына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, концертте ал Пётр Чайковский, Рихард Штраус, Сергей Рахманинов жана Чарльз Айвз сыяктуу белгилүү музыканттардын чыгармаларын аткарат.

Чет элдик маалымат булактарынын билдиргенине караганда, Азамат Сыдыков “Карнеги-холл” концерттик залында жеке концертин берген биринчи кыргыз. Анын пландалган концертине Түштүк Кореянын ири компанияларынын бири демөөрчүлүк кылат. Аны колдой турган кыргыз демөөрчүлөрү табылган эмес. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан