Биз социалдык тармакта

Бишкек мэри кечирим сурады... Жибек Жолундагы көпүрө ачылды (видео)

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен анын орун басары Рамиз Алиев Жибек Жолу кең көчөсүндөгү көпүрө тууралуу айтылган кептерге жооп беришти. Калаа бийлиги алардын видеосун жарыялады.
Анда мэр жаралган ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, "кандай сын-пикирлер айтылбасын, көпүрөнү ачып берип жатабыз" деди.
Ал эми мэриянын тараткан маалыматында: "Көпүрөнүн жалпы туурасы реконструкцияга чейин 9 метр болуп, бул жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилди. Эми анын туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге жетти",- деп айтылат.
Бишкек мэри кечирим сурады... Жибек Жолундагы көпүрө ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан