Биз социалдык тармакта

Парламентте айтылган Чүй дарыясынын жээги бекемделе баштайт

Бүгүн, 26-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун губернатору менен бирге Чүй дарыясынын жээктерин жеринде текшерди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, министр жердеги эрозияга дуушар болгон тилкелерди көрүп, тиешелүү кызматтарга жээктерди бекемдөө иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Чыныбаев жээктер бекемделсе, айдоо талаалары корголуп, калктын жашоосуна зыян тийбей турганын белгиледи. Азыркы тапта Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй жана Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагындагы кооптуу тилкелерде жээктерди бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Темирлан Айтиев эки ирет көтөрүп, маселе орчундуу экендигин белгилеген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан