Биз социалдык тармакта

Зеленский Трамп Украинага басым жасап жатканын билдирди 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы абалдан улам АКШнын лидери Дональд Трамп Орусия менен болгон төрт жылдык согушту тез арада токтотууга басым жасап жатканын билдирди. Бул тууралуу Зеленский кечээ, 25-мартта Reuters агентигине берген маегинде айткан.

Украин лидеринин айтымында, Трамп Донбасстын бүт аймагын Орусияга өткөрүүнү талап кылууда.

"Жакынкы Чыгыштагы абал сөзсүз түрдө президент Трампка таасир этет. Мен үчүн өкүнүчтүүсү, Трамп азыр да Украинага басым жасап жатканы",- деген Зеленский.

Ошондой эле Зеленский Украинанын аскерлерин Донбасстан толук чыгаруу Европа үчүн коопсуздукка коркунуч жаратарын эскертип өткөн. Ал аймакта күчтүү коргонуу позициялары бар экенин жана мындай учурда алар Москванын көзөмөлүнө өтөрүн кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан