Борбор калаада 51 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталып салынып жаткан "Бишкек Арена" стадионунун учурдагы абалы жарыяланды. Асмандан тартылган видеону сүрөтчү Кайрат Сейитказиев бөлүшкөн.
Андагы маалыматка ылайык, аталган стадиондун курулушу 90 пайызга бүткөрүлгөн. Буга чейин стадиондун ичинде "Bishkek Arena Mall" аталышындагы заманбап соода борбору жайгашары да айтылган.
Жаңы стадиондун ачылышы 2026-жылдын август айына пландалууда. Спорттук арена футбол жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташып, борбор калаанын спорттук инфраструктурасын жаңы деңгээлге чыгармакчы.