Биз социалдык тармакта

Белгилүү актёр Абдыкалык Акматов жерге берилди

Бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Абдыкалык Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маданият министрлиги маалымдагандай, коштошуу аземи Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратында уюштурулуп, ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, актёрдун кесиптештери, достору жана жакындары катышышты.
Маркумдун сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлганы айтылды.
Эске салсак, Абдыкалык Акматов 25-мартта 71 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан